25.01.202507:56
Жазда Кыргызстанда митинг уюштурууну көздөгөндөр барлыгы айтылууда.
УКМКнын соңку учурларда “бийликти күч менен басып алууга даярданган”, “ коомдо башаламандык уюштурууну көздөгөн” деген жүйөөлөрү менен кармап жатканы жөн жерден эмес окшойт.
Атайын кызмат акчага азгырылгандарды тазалап жаткандай.
Анткени, республикадагы бейөкмөт уюмдарга жана массалык маалымат каражаттарына АКШдан доллардан “жамгыр” жаап баштады. Эми Кыргызстанда демократия үчүн миллиондогон акчаларды таратып жаткан Мамлекеттик департаменттен тышкары, Эл аралык Демократияда гранттык орундар да пайда болду. Бул мурда биздин олкөдө жок болчу.
Уюмдун сайтында мындай билдирүү жарыяланды:
“Эл аралык Демократия (DI) Кыргызстандагы USAID тарабынан каржыланган беш жылдык программасы үчүн гранттар боюнча менеджер жана жардамчы издейт. Программанын максаты жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын артыкчылыктарын жана демилгелерин колдоо болуп саналат. Бул Бишкекте кеңсеси бар штаттык кызмат”-деп айтылат маалыматта.
Бул кызматка Кыргызстандын жарандары гана алынары айтылат.
Ачык маалыматтарга караганда, Dİнин негизги ишмердүүлүгү "дүйнөдөгү саясий системаларды колдоо, шайлоолорду жана реформаларды жүргүзүү" болуп саналат.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, америкалык уюм маалымат каражаттарын жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды өлкөнүн бийликтерине каршы турууга жана Батыштын кызыкчылыктарын жайылтууга даярдайт.
DI негизинен ызы-чуулуу жана социалдык туруксуз өлкөлөрдө негизделген. Алардын долбоорлорунун көбү азыр Түштүк-Чыгыш Азияда жана Африкада иштеп жатканы да ушундан.
“Кемчиликтүү өлкөлөргө” демократияны алып келген бул шектүү америкалык уюмдун Кыргызстанга келиши океандын ары тарабынан кагылган коңгуроо. Бул биздин республикадагы саясий системаны өзгөртүүгө Вашингтон өз күчтөрүн жумшоого даяр экендигин ачык көрсөтүп турат.
Гранттарды бөлүштүрүүнүн даталарына караганда, алар төңкөрүштү келе жаткан жазга пландап жаткандай.
Эми АКШнын жаңы президентинин өлкөлөргө долбоорлордун жардамын кыскартуу боюнча жарлыгы Кыргызстанга да таасирин тийгизет, деп ниеттенели.
Баса, эмне үчүн Кыргыз Республикасында дээрлик бир жыл мурун кабыл алынган “ Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамы дагы деле иштебей жатат?
@kgosho Билип жаша!

24.01.202506:58
Бул жылы Эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абад облусунда белгиленет
Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасы менен быйыл 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн Жалал-Абад облусунда белгилөө пландалып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу облуска болгон жумушчу сапарынын алкагындагы жыйында айткан.
Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын концепциясынын долбоору сунушталды.
Белгиленгендей, быйылкы жылы Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашык ишканаларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.

23.01.202510:23
Улуттук банк санариптик сомду ишке киргизүүгө 5 миллион долларга жакын каражат жумшайт.
Депутаттар Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына улуттук санариптик валюта – санариптик сомдун укуктук статусу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.
Мелс Аттокуров мыйзам долбоору “санариптик сом” улуттук санариптик валютасынын прототиби боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, ошондой эле укуктук негизди жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы долбоорду ишке ашырууга канча каражат керектелерин сурады.
, - деп жооп берди Улуттук банктын жетекчисинин орун басары.
Мелс Аттокуров платформаны сатып алууга КР Улуттук банкы өз каражатын жумшай турганын баса белгиледи.
"
", - деди ал.

"Бул программа рынокто көп акчаны талап кылат. Бардык эле инновациялык продуктыларга баштапкы этапта ресурстар керектелет. Бирок келечекте банкнотторду чыгаруу сыяктуу чыгашалар болбойт"
, - деп жооп берди Улуттук банктын жетекчисинин орун басары.
Мелс Аттокуров платформаны сатып алууга КР Улуттук банкы өз каражатын жумшай турганын баса белгиледи.
"
Бүгүнкү күндө биздин контрагенттер болжол менен 5 миллион долларга суроо-талаптарды беришти
", - деди ал.
@kgosho Билип жаша!
25.01.202503:58
Жалал-Абад облусунда бала бакчада наристелер зордукталган учур аныкталды
Бала бакчага барган уулунун тарбиячынын 13 жашар баласы тарабынан зордукталганын ачыктап ата-эне чыкты.
Ал наристеси түшкү уйку учурунда тарбиячы 13 жаштагы уулун наристелерди карап турууга калтырып, өзү башка иштери менен кеткен учурда аларды 13 жашар бала зордуктаганын айтып берген.
Бакча тарбиялануучусунун ата-энеси абалды сүрүштүрүү үчүн бала бакчага барып, тарбиячыга айтышканда ал окуяны толугу менен жектеп, 13 жашар уулун жактаган. Жабырланган наристенин ата-энеси башка да бакча тарбиялануучуларынын ата-энелерине окуя тууралуу кабарлашканда дагы бир наристе тарбиячынын 13 жаштагы уулу тарабынан зордукталганы аныкталган. Бирок кыздын ата-энеси коомчулукка билдирип, укук коргоо органдарына кайрылбай турганын айтышкан.
Жабырланган наристенин ата-энеси милицияга арыз калтырып, Каракөл мэриясына кайрылган. Мэрия окуя далилденгенге чейин башка наристелердин коопсуздугуна кам көрүү максатында бакчаны убактылуу жапкан.
13 жашар баланын ата-энеси өз кезегинде бакча тарбиялануучусунун ата-энеси уулун сабап акырегин сындырды деп арыз жазган. Ал баласынын акырегинин сынганын соттук медициналык экспертиза тактаганын билдирген.
Мындай жүйөө менен зордулталды делген наристенин ата-энеси макул эмес. Анткени, алардын маалыматы боюнча экспертизадан өткөрүп маалым кат берген медик мурда да экспертизанын документтерин жасалмалоо жолу менен жоопко тартылганын билдиришет.
Алардын пикиринде бул ишти иликтөөдө окуяны жаап-жашырууга көмөк көрсөткөн тараптар болууда.

24.01.202504:43
Өзбекстандык мамкызматкерлер улуттук кийим кийип жүрүүгө милдеттендирилди
Ташкекнт мэри Шафкат Умурзаков "улуттук иденттүүлүктү жана маданиятты жайылтуу боюнча кошумча чараларды киргизүү" токтомуна кол койду. Документкен ылайык, ар аптанын жума күнү улуттук кийим күнү болуп эсептелет.
Бул эреже жалпы ташкенттиктерге болсо, район акимчиликтерине, башкармалыктарына жана мамлекеттик органдарына жумуш күндөрү улуттук кийим менен ишке келүү талабы коюлат.
Ошондой эле улуттук баалуулуктар жана кийимдер темасында ар кандай сынактар, оюн-зооктор уюштурулуп турушу абзел.

23.01.202510:17

24.01.202508:15
24.01.202504:41
Умрага барчуларга Сауд Арабиясы жаңы талаптарды киргизди
Сауд Арабиясы Умрага барчулар үчүн жаңы медициналык талаптарды киргизди. Ага ылайык жарандар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, тиешелүү сертификатка ээ болушу керек.
"-деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Каалоочулар мына бул жерден кенен таанышып алсаңыздар болот.
Мамлекет тарабынан тигил же бул илдетке каршы эмдөө уюштурулганда учурунда эмдетип жүрүү бир эле оорудан эмес, мына ушундай учурлардан да сактайт. Сиз бүгүн балаңыз үчүн чечим кабыл алып эмдетпей койсоңуз, ал чоңойгондо чет өлкөдөн билим алып же иштеп калса тигил же бул эмдөө талап кылынышы ыктымал.
Айрым эмдөөлөрдүн бала чакта гана жасаларын унутпайлы.

"Эмдөө Сауд Арабияга келерден кеминде 10 күн мурун же вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жылдын ичинде алынышы керек
"-деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Каалоочулар мына бул жерден кенен таанышып алсаңыздар болот.
Мамлекет тарабынан тигил же бул илдетке каршы эмдөө уюштурулганда учурунда эмдетип жүрүү бир эле оорудан эмес, мына ушундай учурлардан да сактайт. Сиз бүгүн балаңыз үчүн чечим кабыл алып эмдетпей койсоңуз, ал чоңойгондо чет өлкөдөн билим алып же иштеп калса тигил же бул эмдөө талап кылынышы ыктымал.
Айрым эмдөөлөрдүн бала чакта гана жасаларын унутпайлы.
@kgosho Билип жаша!
23.01.202510:13
24.01.202508:14
"Сааттан жолугалы..." Бишкектин борборундагы курант коюлган Кыргызтелеком сатыкка коюлду
Чүй пр., 96 дарегинде жайгашкан «Кыргызтелеком» ААК имараты аукцион аркылуу сатыкка коюлду. Бул тууралуу компаниянын жетекчилиги бүгүн, 24-январда маалымат жыйынында билдирди.
Жетекчиликтин айтымында, сатуунун негизги максаты – компаниянын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, чыгымдарды оптималдаштыруу жана өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу.
Имараттын жалпы аянты 16 009,6 чарчы метрди түзөт. Ал адегенде компаниянын административдик борбору болуп иштеген. Бирок убакыттын өтүшү менен борбордук аппараттын кызматкерлеринин саны эки эсеге кыскарган. Азыр мында 315 гана адам иштейт.
Учурда ишкананын муктаждыктары үчүн аянттын 36,6% гана пайдаланылат. Калган жайлар бош же ижарага берилген. «Бул бюджетке олуттуу жүк артат, анткени жылдык эксплуатациялык чыгымдар капиталдык оңдоолорду эсепке албаганда 20 миллион сомду түзөт», - деп билдирди ААК.

23.01.202510:28
Эми майыптарды зордуктагандар өмүр бою түрмөдө отурат. Мыйзам долбоору 3 окуудан өттү
Жогорку Кеңеш майыптыгы бар адамдарды зордуктоо үчүн өмүр бою абакка кесүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан өткөрдү. Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков мыйзам долбоору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жыныстык кол тийбестик укугун, кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Буга чейин өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы кылмыш жасаган аялдарга, жашы жете электерге жана кылмыш жасаган учурда 60 жаштан ашкан эркектерге колдонулчу эмес. Бирок май айында күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жашы жете электерди зордуктоого айыпталган адам 60 жаштан ашса дагы өмүр бою эркинен ажыратылат.
Мыйзам президентке кол коюуга жөнөтүлдү.

23.01.202510:04
🇷🇺🇺🇿Россия-Өзбекстан 2026-2030-жылдар аралыгын камтыган аскердик өнөктөштүк документине кол койду
Россия Федерациясынын Коргоо министри Андрей Белоусов менен Өзбекстандын Коргоо министри Шухрат Халмухамедов 2026-2030-жылдарды камтыган стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюшту.
Программа өзүнө 50 иш-чараны камтыганы айтылат.
Алар тажрыйба алмашуу, ар түрдүү машыгууларды биргеликте өткөрүүлөрдү түзөт.

Көрсөтүлдү 1 - 12 ичинде 12
Көбүрөөк функцияларды ачуу үчүн кириңиз.