23.02.202514:15
Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңип
алгандан кийин автоунаанын багажнигинен автограф таратты
Видеодон “Кино”тобунун “Группа крови” ыры жаңырып, аны мушкер менен күйөрмандары кошо ырдап жатканын көрүүгө болот.
Бивол менен Бетербиевдин ортосундагы реванш 23-февралга караган түнү Эр-Рияд шаарында болду. Калыстардын добушу менен Бивол жеңишке жетип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

23.02.202507:35
Кыргыз футбол биримдиги быйыл ишке бериле турган спорттук объектилерге дагы 2 стадион кошулганын маалымдады
Алар Кочкор районундагы борбордук стадион жана Барпы айыл аймагындагы Асылбек Текебаев атындагы стадион.
“Үстүбүздөгү жылы курула турган жана реконструкциядан өтө турган 20га жакын футболдук объектиге дагы 2 стадион кошулду”, – деп айтылат маалыматта .
Биримдиктин кеңсесинде аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөн.

23.02.202504:20
Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди ишенимдүү жеңип дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду!
Мелдеш таза өттү. Бокс легендасын жеңиши менен куттуктайбыз!
Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.

22.02.202508:56
УКМК Бишкекте Транспорт департаментинин башкы адиси 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды деп кабарлады
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, А.Т.Т. аттуу адис көзөмөлдөөчү органдар менен текшеребиз деп коркутуп акча талап кылган.
Ошондой эле ал жарандан ар кандай маселелерин чечип берем деп бир нече жолу акча алганын айтышты.

22.02.202506:30
Кыргызстандык Денис Петрашов АКШнын Студенттик лигасында 100 метрге брасс менен сүзүүдө алтын медаль утуп алды
Петрашов Луисвилл университетинде (Кентукки штатында) сынакка катышты. Ал соңку метрлерде Стэнфорддун спортчусун артка калтырып, үч рекорд койду. Алар - окуу жайдын тарыхында эң кыска убакыт (50,62 секунд), атаандаштык боюнча рекорд жана Атлантика жээгиндеги конференция рекорду.

22.02.202504:23
Ажыга барчулардын кийими даяр
Муфтияттын алдындагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрү форманын сапатын текшеришкен.
Алар быйылкысында сапаттуу материалдар тандалып, улуттук колорит да чагылдырылганын белгилешкен. Учурда 5 000 форма даяр экенин билдиришти.

23.02.202512:35
Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга берилди
Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, төмөнкү жээктер 49 жылга берилет:
▪️ Ала-Арча суусу — Семетей көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;
▪️ Аламүдүн суусу — Көк-Жар көчөсүнөн айланма жолго чейин;
▪️ Чыгыш Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
▪️ Түштүк Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
▪️ Чоң Чүй каналы — Курманжан Датка көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
▪️ Кичи Чүй каналы — Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.
Мэрия бул жерлерди ижарага бере алат. Буга чейин мэрия Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак салуу планын жарыялаган.

23.02.202506:58
Кыргызстандык эркектер тууралуу кызыктуу маалыматтар менен Статком бөлүштү
2025-жылы эркектердин саны 3,6 миллионго жетип, бул жалпы калктын 49,5 пайызын түзгөн.
◾эркектердин үчтөн экиси айылда, ал эми ар жетинчиси Бишкекте жашайт;
◾эмгекке жарамдуу курактагылардын 77 пайызы иш менен камсыз болгон. Иштегендердин орточо жашы 38, ар жетинчи иштеген эркек 30-34 жаштагы жаран;
◾негизинен курулуш, транспорт, кен казуу жана энергия менен камсыздоо тармактарында эмгектенишет;
◾2023-жылы 45,5 миң эркек үйлөнүп, көпчүлүгү 20-29 жаш аралыгында үй-бүлө курат. Биринчи никеге туруунун орточо жашы 27 жаш 6 ай болсо, экинчиси 40 жаш 2 ай;
◾эркектер мамлекеттик башкаруу органдарында да (57,9 пайыз), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62,7 пайыз) көпчүлүктү түзөт.

23.02.202501:20
Кутман таң, мекендеш!
Бүгүн өлкө боюнча күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас өрөөнүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл жеринде +5…+10, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градус болот.
Термометр Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Күнүңүз көңүлдүү өтсүн!

22.02.202508:02
Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн күрөштүн алдында көз караштар таймашын өткөрдү
Реванш бүгүн түндө Эр-Рияд шаарында өтөт. Спортчулардын биринчи таймашында Бетербиев жеңиш менен яктап, анда калыстардын чечими көптөгөн көрүүчүлөрдүн, анын ичинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дагы нааразылыгын жараткан.

22.02.202505:47
Жалал-Абадда балбан Амантур Исмаилов менен Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын үйлөнүү тою өттү
Той Жалал-Абаддагы кафелердин биринде болгон.
Амантур Исмаилов 2018-2021-жылдары Азия оюндарынан жана Азия чемпионатынан коло байге уткан. 2022-жылы Дүйнө чемпионатында да коло медаль тагынган. Былтыр Олимпиадага катышып, 5-орунду алган. Лазат Нуркожоева 2020-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.

22.02.202503:22
🇰🇬 Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болду
Өткөн жылы республикада өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5%га өскөн эле. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5%ды түзөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Өткөн жылы республикада өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5%га өскөн эле. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5%ды түзөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
23.02.202512:19
Трамп Украина чырын токтотуу боюнча келишим алдыдагы аптада аяктайт деп ишенүүдө
"Президент менен анын командасы согушка чекит коюу үчүн эки тарап менен сүйлөшүүнү көздөп жатат. Өлкө башчы жыйынтык ушул аптада эле болоруна ишенет", — деген маалымат катчы.
Администрация өкүлү Вашингтон активдүү дипломатиялык аракеттерди улантарын, ал эми президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц дем алыш күндөрү келишимди аяктоо үчүн күнү-түнү иштей турганын кошумчалаган.

23.02.202505:45
Муфтият садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти
Буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.
“Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел”, — деп жазылган маалыматта.
Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй (учурдагы баа менен):
буудай — 80 сом (1,6 кг);
ун — 128 сом (1,6 кг);
мейиз — 1200 сом (1,6 кг);
арпа — 288 сом (3,2 кг);
курма — 2880 сом (3,2 кг).
Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады.

22.02.202516:03
Өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча мугалим камалды
Ысык-Көл облустук сотунан дене тарбия мугалими 15-февралда кармалгандыгын айтышты.
Окуя Барскоон айылында 5-февралда болгон.
17 жашар кызды өмүрүнө кол салгандыгын дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирип, андан кийин Бишкектеги медициналык жайга которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болуп калган.
Милиция "Өзүнө кол салууга жеткирген" деген берене менен иш козгоп, экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.

22.02.202506:53
❗️Мамлекет башчы Бишкекте курулуп жаткан "Барселона" футбол клубунун айланасындагы айрым ЖМКлардын бул курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар деп жазгандарына да жооп берген.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
"Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели, курсун. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт", — деген Садыр Жапаров.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
22.02.202505:27
Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кореялык жана монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлгөнүн президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди
"Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. Асман шаарынын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына.
Буга чейин Нурдан Орунтаев Асман шаарында жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон.

22.02.202501:00
Кутман таң, замандаш!
Бүгүн да өлкө аймагында күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Чүй менен Таласта +11…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +12…17, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде +1…+6 градуска чейин жылуу болот.
Бирөөгө бир нерсе далилдеп убара болбоңуз!

23.02.202508:46
Белгилүү адамдардын катышуусундагы алдамчылык жарнамалары көп жайылууда. Маданият министрлиги жаза каралганын эскертти
Ведомство жарнама берүүчүлөр менен аны таратуучуларга кайрылып, "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 5-7-беренесинде көрсөтүлгөн
талаптарды сактоону эскертти.
Министрлик ошону менен катар мыйзамдын 31-беренесинде жеке жана юридикалык жактарга аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтер каралганын
билдирди.
Айта кетсек, "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамдын 5-беренесинде лицензиясы, шайкештик сертификаты жок товарларды жарнамалоого болбой тургандыгы жана жарнамада агрессия, зомбулуктар көрсөтүлбөшү керектиги жазылган. Ал эми 7-беренеде жарнамалана турган товар бардык жактан анык болушу керектиги көрсөтүлөт.

23.02.202505:19
АКШ Украинанын мунай жана башка “колго тийген” ресурсун алууну көздөөдө
Дональд Трамптын айтымында, АКШ көрсөткөн колдоосу үчүн сейрек кездешүүчү металлдардан тышкары Украинанын мунай жана башка ресурстарын алууну каалайт.
Ал эми финансы министри Бессент ресурстардан түшкөн каражатты Украинаны калыбына келтирүү фондуна багыттоону сунуштады. Фондду башкаруу укугун Вашингтон алмакчы.
Министр Украина өзү ресурстарынан үлүш сунуштаганын кошумчалады.

22.02.202510:09
АКШ мыйзамсыз 200 мигрантты анын ичинде Кыргызстандан баргандарды Коста-Рикага жөнөтөт
Бейшемби күнү Латын Америкага депортация болгон 135 кишини салып биринчи каттам келген.
Буга чейин Коста-Риканын президенти Родриго Чавес анын өлкөсү Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттарды кабыл алууга макул болгонун билдирген.
Анын айтымында, депортациялангандар миграция борборлорунда 6 жумага чейин болуп, андан кийин мекенине жөнөтүлөт.

22.02.202506:44
❗️Садыр Жапаров футболдо таланты ташкындагандар кимдин баласы экенине карабай "Барселона" академиясына бекер алынарын айтты
Президент "Кабар" агенттигине маек берип, айрым ЖМКлардын колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке какты.
"Футболдо талантың жок болсо, мага десең королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Күчтүү болсоң, айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат. Азыркы Кыргызстандын курама командасында бир дагы байдын же аткаминердин баласы жок", — деген ал.
Өлкө башчы футбол боюнча жакшы шарттар түзүлүп жатканын айтып, жаштарды футбол менен машыгууга чакырган.
"Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары облус, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Таланты ташкындап тургандарды кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз", — деген Жапаров.

22.02.202504:37
Трамп пайдалуу кен боюнча макулдашууга кол коюлбаса, Украинада “көп көйгөй” чыгарын убадалады
Ал ошондой эле Киев АКШга 400-500 млрд доллар компенсациялоо боюнча милдеттенмеге батыраак кол коюлушу керектигин айтты.
“Өлкөнүн капчыгындагы акчаны бизден өтө эле алыс турган мамлекетке сарптоодобуз. Акчабызды артка ала албай жатабыз, муну улантууну каалабайбыз”, — деген Трамп.
АКШ президенти буга чейин киев бийлигин америкалык каржылоо менен аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды алууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган.

21.02.202517:28
Украина боюнча сүйлөшүүдө Зеленскийдин катышуусу “анчалык деле маанилүү” эместигин Дональд Трамп Fox News радиосуна билдирди
АКШ президентинин кебинин урунттуу жерлери:
▪️Россияны Украина менен болгон жаңжалга башында эле катыштырбай коюуга мүмкүн болчу, бирок Зеленский менен Байден туура эмес нерселерди айтып туруп алды
▪️“Бул Россиянын күнөөсү эмес деп айтканымда мени дайыма сынга алышат... бирок Байден туура эмес нерселерди айткан. Зеленский дагы туура эмес нерселерди айткан. Россияны ошондо эле мындан оңой баш тарттырууга болмок”
▪️Украинадагы жаңжалда Россиянын күнөөсү жок, буга Зеленский менен Байден күнөөлүү
▪️Россия менен сүйлөшүү үчүн Зеленскийдин колунда "картасы жок", сүйлөшүүлөргө анын алы жетпей жатат
▪️Путин кааласа Украинаны толугу менен алмак, бирок ал келишим түзүүнү көздөөдө

Көрсөтүлдү 1 - 24 ичинде 313
Көбүрөөк функцияларды ачуу үчүн кириңиз.