Президент Садыр Жапаров: “Мамлекеттик чек араны укуктук жактан бекемдөө – ынак коңшулукка, туруктуулукка, коопсуздукка жана биргелешип өнүгүүгө карай жасалган кадам”
Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарынын борбордук стадионунда эл аралык Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.
Чогулгандардын алдында үч мамлекеттин башчылары - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдер чыгып сүйлөштү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик чек араны укуктук жактан бекемдөө – бул жөн гана саясий-укуктук процесс эмес, бул деген ынак коңшулукка, туруктуулукка, коопсуздукка жана биргелешип өнүгүүгө карай жасалган маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды географиялык абалы гана эмес, жалпы тарыхы, руханий салттары жана эң негизгиси - жалпы келечеги да байланыштырып турганын айтты.
Кыргызстандын Президенти чек ара маселелерин жөнгө салуу акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктердин бири болгонуна басым жасады. Саясий эрк жана өз ара ишеним аркылуу өлкөлөрдүн лидерлери бул татаал жана абдан маанилүү маселени жоопкерчилик менен натыйжалуу чече алышты.
“Биздин элдерибиз бейпил турмушта жана ынтымакта жашап, жаратман эмгек менен алектенип, келечекке пландарды түзө алышат. Бул контекстте жаңыланууну, тынчтыкты жана биримдикти символдоштурган Ноорузду чогуу майрамдоо өзгөчө мааниге ээ”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров: “Үч дарак жанаша өсүп, тамыры менен бир жерди көгөртүп, бекемдейт” деген накыл кепти келтирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан бул дарактарга окшош, алардын күчү биримдикте, бутактары келечекке карай тартылып, тамыры болсо достуктун жана ынтымактын топурагын азыктандырат.
Расмий бөлүктөн кийин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда салтанат концерт менен уланды.
*****
Президент Садыр Жапаров: «Закрепление государственной границы – это шаг к укреплению добрососедства, стабильности, безопасности и совместному развитию»
Сегодня, 31 марта, на центральном стадионе г. Худжанд состоялись праздничные мероприятия, посвященные международному празднику Нооруз.
С речами перед собравшимися выступили главы трех государств: Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон и Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев.
В своем обращении Садыр Жапаров подчеркнул, что закрепление государственной границы – это не просто политико-правовой процесс, а важный шаг к укреплению добрососедства, стабильности, безопасности и совместному развитию.
Он отметил, что Кыргызстан, Таджикистан и Узбекистан связывают не только географическое положение, но и общая история, духовные традиции и, что особенно важно, общее будущее.
Президент Кыргызстана акцентировал внимание на том, что урегулирование пограничных вопросов стало одним из ключевых достижений последних лет. Благодаря политической воле и взаимному доверию лидеры стран смогли подойти к решению этого сложного и жизненно важного вопроса ответственно и конструктивно.
«Наши народы могут жить в мире и согласии, заниматься созидательным трудом, строить планы на будущее. В этом контексте совместное празднование Нооруза, символизирующего обновление, мир и единство, имеет особое значение», — отметил Садыр Жапаров.
Завершая выступление, Президент Садыр Жапаров привел народную мудрость: «Три дерева, растущие рядом, своими корнями укрепляют одну землю». Он подчеркнул, что Кыргызстан, Таджикистан и Узбекистан подобны этим деревьям, чья сила — в единстве, чьи ветви тянутся к будущему, а корни питают почву дружбы и согласия.
После официальной части состоялся торжественный концерт с участием деятелей культуры и искусства Кыргызстана, Таджикистана и Узбекистана.