23.02.202505:45
Муфтият садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти
Буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек.
“Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөндүн кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүн чыгаруусу абзел”, — деп жазылган маалыматта.
Садага-битирдин өлчөмү төмөнкүдөй (учурдагы баа менен):
буудай — 80 сом (1,6 кг);
ун — 128 сом (1,6 кг);
мейиз — 1200 сом (1,6 кг);
арпа — 288 сом (3,2 кг);
курма — 2880 сом (3,2 кг).
Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

22.02.202516:03
Өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча мугалим камалды
Ысык-Көл облустук сотунан дене тарбия мугалими 15-февралда кармалгандыгын айтышты.
Окуя Барскоон айылында 5-февралда болгон.
17 жашар кызды өмүрүнө кол салгандыгын дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирип, андан кийин Бишкектеги медициналык жайга которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болуп калган.
Милиция "Өзүнө кол салууга жеткирген" деген берене менен иш козгоп, экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.

22.02.202506:53
❗️Мамлекет башчы Бишкекте курулуп жаткан "Барселона" футбол клубунун айланасындагы айрым ЖМКлардын бул курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар деп жазгандарына да жооп берген.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
"Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин. 3-4 блок берели, курсун. Бирок бир кирпич коёруна көзүм жетпейт. Сөз жүзүндө коммунизмди куруп коюшат. Иш жүзүндө колдорунан эч нерсе келбейт", — деген Садыр Жапаров.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
22.02.202505:27
Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кореялык жана монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлгөнүн президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди
"Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. Асман шаарынын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына.
Буга чейин Нурдан Орунтаев Асман шаарында жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон.

22.02.202501:00
Кутман таң, замандаш!
Бүгүн да өлкө аймагында күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Чүй менен Таласта +11…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +12…17, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде +1…+6 градуска чейин жылуу болот.
Бирөөгө бир нерсе далилдеп убара болбоңуз!

21.02.202513:18
Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюлгандан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты
КР УКМКнын төрагасы:
▪️Биз чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук, андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык: бул чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим.
▪️Бүгүн чек араны макулдашуу маселесин толук чечтик.
Тажикстан УКМКнын төрагасы:
▪️Бүгүнкү күндө парафировкаланган эң маанилуу тарыхый документ — республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим;
▪️Татаал иш логикалык жыйынтыкка жеткирилди. Келишим ишке ашса, эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып келе жаткан талашка чекит коюлат. Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат.

23.02.202505:19
АКШ Украинанын мунай жана башка “колго тийген” ресурсун алууну көздөөдө
Дональд Трамптын айтымында, АКШ көрсөткөн колдоосу үчүн сейрек кездешүүчү металлдардан тышкары Украинанын мунай жана башка ресурстарын алууну каалайт.
Ал эми финансы министри Бессент ресурстардан түшкөн каражатты Украинаны калыбына келтирүү фондуна багыттоону сунуштады. Фондду башкаруу укугун Вашингтон алмакчы.
Министр Украина өзү ресурстарынан үлүш сунуштаганын кошумчалады.

22.02.202510:09
АКШ мыйзамсыз 200 мигрантты анын ичинде Кыргызстандан баргандарды Коста-Рикага жөнөтөт
Бейшемби күнү Латын Америкага депортация болгон 135 кишини салып биринчи каттам келген.
Буга чейин Коста-Риканын президенти Родриго Чавес анын өлкөсү Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттарды кабыл алууга макул болгонун билдирген.
Анын айтымында, депортациялангандар миграция борборлорунда 6 жумага чейин болуп, андан кийин мекенине жөнөтүлөт.

22.02.202506:44
❗️Садыр Жапаров футболдо таланты ташкындагандар кимдин баласы экенине карабай "Барселона" академиясына бекер алынарын айтты
Президент "Кабар" агенттигине маек берип, айрым ЖМКлардын колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке какты.
"Футболдо талантың жок болсо, мага десең королдун баласы болсоң да командага кирбейсиң. Күчтүү болсоң, айылда кетмен чапкан дыйкандын баласы болсоң да командага талашып алышат. Азыркы Кыргызстандын курама командасында бир дагы байдын же аткаминердин баласы жок", — деген ал.
Өлкө башчы футбол боюнча жакшы шарттар түзүлүп жатканын айтып, жаштарды футбол менен машыгууга чакырган.
"Алдыдагы 4-5 жылда ар бир айылда футбол аянтчалары болот. Андан сырткары облус, райондордун борборлорунда стадиондор салынат. Таланты ташкындап тургандарды кимдин баласы болбосун академияга бекер алганга шарт түзүп беребиз", — деген Жапаров.

22.02.202504:37
Трамп пайдалуу кен боюнча макулдашууга кол коюлбаса, Украинада “көп көйгөй” чыгарын убадалады
Ал ошондой эле Киев АКШга 400-500 млрд доллар компенсациялоо боюнча милдеттенмеге батыраак кол коюлушу керектигин айтты.
“Өлкөнүн капчыгындагы акчаны бизден өтө эле алыс турган мамлекетке сарптоодобуз. Акчабызды артка ала албай жатабыз, муну улантууну каалабайбыз”, — деген Трамп.
АКШ президенти буга чейин киев бийлигин америкалык каржылоо менен аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды алууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп айыптаган.

21.02.202517:28
Украина боюнча сүйлөшүүдө Зеленскийдин катышуусу “анчалык деле маанилүү” эместигин Дональд Трамп Fox News радиосуна билдирди
АКШ президентинин кебинин урунттуу жерлери:
▪️Россияны Украина менен болгон жаңжалга башында эле катыштырбай коюуга мүмкүн болчу, бирок Зеленский менен Байден туура эмес нерселерди айтып туруп алды
▪️“Бул Россиянын күнөөсү эмес деп айтканымда мени дайыма сынга алышат... бирок Байден туура эмес нерселерди айткан. Зеленский дагы туура эмес нерселерди айткан. Россияны ошондо эле мындан оңой баш тарттырууга болмок”
▪️Украинадагы жаңжалда Россиянын күнөөсү жок, буга Зеленский менен Байден күнөөлүү
▪️Россия менен сүйлөшүү үчүн Зеленскийдин колунда "картасы жок", сүйлөшүүлөргө анын алы жетпей жатат
▪️Путин кааласа Украинаны толугу менен алмак, бирок ал келишим түзүүнү көздөөдө

21.02.202512:48
⚡️Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча тарыхый келишимге жетишти
Документке Бишкекте эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырымдан ашат.

23.02.202504:20
Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди ишенимдүү жеңип дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду!
Мелдеш таза өттү. Бокс легендасын жеңиши менен куттуктайбыз!
Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.

22.02.202508:56
УКМК Бишкекте Транспорт департаментинин башкы адиси 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды деп кабарлады
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, А.Т.Т. аттуу адис көзөмөлдөөчү органдар менен текшеребиз деп коркутуп акча талап кылган.
Ошондой эле ал жарандан ар кандай маселелерин чечип берем деп бир нече жолу акча алганын айтышты.

22.02.202506:30
Кыргызстандык Денис Петрашов АКШнын Студенттик лигасында 100 метрге брасс менен сүзүүдө алтын медаль утуп алды
Петрашов Луисвилл университетинде (Кентукки штатында) сынакка катышты. Ал соңку метрлерде Стэнфорддун спортчусун артка калтырып, үч рекорд койду. Алар - окуу жайдын тарыхында эң кыска убакыт (50,62 секунд), атаандаштык боюнча рекорд жана Атлантика жээгиндеги конференция рекорду.

22.02.202504:23
Ажыга барчулардын кийими даяр
Муфтияттын алдындагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрү форманын сапатын текшеришкен.
Алар быйылкысында сапаттуу материалдар тандалып, улуттук колорит да чагылдырылганын белгилешкен. Учурда 5 000 форма даяр экенин билдиришти.

21.02.202515:22
Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимин кызматтан бошотту
Бүгүн күндүз президенттик администрациянын коллегиясы Баткен, Араван, Ноокат, Базар-Коргон, Ак-Суу, Талас жана Манас райондорунун жетекчилерин кызматтан алууну сунуштаган эле.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Бүгүн күндүз президенттик администрациянын коллегиясы Баткен, Араван, Ноокат, Базар-Коргон, Ак-Суу, Талас жана Манас райондорунун жетекчилерин кызматтан алууну сунуштаган эле.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
21.02.202512:05
Сузакка маркумдун сөөгүн алып бараткан унаа кырсыктап, андагы 3 адам каза болду
Каргаша кечээ түндө Бишкек - Ош жолунда болгон. Жол милициясынын айтымында, Honda-Еlysion үлгүсүндөгү жеңил унаа менен каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа кагышкан. Тилекке каршы, Honda-Еlysion унаасындагы 50, 51 жана 19 жаштагы үч адам жеринде каза болду.

23.02.202501:20
Кутман таң, мекендеш!
Бүгүн өлкө боюнча күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас өрөөнүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл жеринде +5…+10, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градус болот.
Термометр Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Күнүңүз көңүлдүү өтсүн!

22.02.202508:02
Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн күрөштүн алдында көз караштар таймашын өткөрдү
Реванш бүгүн түндө Эр-Рияд шаарында өтөт. Спортчулардын биринчи таймашында Бетербиев жеңиш менен яктап, анда калыстардын чечими көптөгөн көрүүчүлөрдүн, анын ичинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дагы нааразылыгын жараткан.

22.02.202505:47
Жалал-Абадда балбан Амантур Исмаилов менен Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын үйлөнүү тою өттү
Той Жалал-Абаддагы кафелердин биринде болгон.
Амантур Исмаилов 2018-2021-жылдары Азия оюндарынан жана Азия чемпионатынан коло байге уткан. 2022-жылы Дүйнө чемпионатында да коло медаль тагынган. Былтыр Олимпиадага катышып, 5-орунду алган. Лазат Нуркожоева 2020-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.

22.02.202503:22
🇰🇬 Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болду
Өткөн жылы республикада өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5%га өскөн эле. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5%ды түзөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Өткөн жылы республикада өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,5%га өскөн эле. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5%ды түзөт.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
21.02.202513:40
Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Анын ордуна Мирбек Мамбеталиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Анын ордуна Мирбек Мамбеталиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG

21.02.202511:10
❗️Баткенде бир аялды өлтүрүп, өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн деген киши кармалды
ИИМдин айтымында, Раззаков шаарынын 1986-жылы туулган тургуну 2023-жылдын 20-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы киши кармалды. Ал көрсөтмөсүндө жоголгон аял менен уруша кетип, өлтүрүп алганын, аны кайда көмүп койгонун көрсөткөн. Милиция көрсөтүлгөн жерден адамдын калдыктарын таап, экспертизалар дайындалды.
Ошондой эле ал киши кылмышын жашыруу үчүн аялдын телефону аркылуу анын туугандары менен жазышып турган.
Мындан тышкары, бул шектүү баткендик жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө. Бул боюнча дагы кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Паказана 1 - 24 з 310
Увайдзіце, каб разблакаваць больш функцый.